“Баарына каршы” добуш берүүдөн биринчи кезекте эл менен мамлекет утулат

49

“Саясат талаасынан чыгып калган маргиналдар “баарына каршы” добуш берүүнү колдоп кыймыл түзүп жатышат.
Активис Токтайым Үмөталиева “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов, “Кыргызстандын кырк уруусу” коомунан Замир Дүйшөнөв, “”Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков жана Бактыбек Калмаматовду жана башка анча деле белгилүү болбогон адамдарды чакырып, конференция уюштурган. Саналып өткөндөрдүн баары керектен чыгып калгандай болуп, бул жолку парламенттик шайлоого катышкан эмес.
Бул шордууларды бир да партия албай коюп, ич күптү болуп калган немелер “баарына каршы” добуш бергиле деп элдин башын айландырып жаткан кези.
Алардын пикиринде, эгерде шайлоочулар “баарына каршы” деп добуш беришсе, азыркы шайлоого катышып жаткан партиялардын баары парламентке өтө албайт, натыйжада жаңы шайлоо дайындалат, ага түп тамырынан бери жаңы партиялар катышат. Ошентип, өзүнчө бир люстрация жүргөндөй болуп калат эле, башкача айтканда эски саясатчылар эленип, алардын ордуна жаңылары келет эле.
Бирок, “баарына каршы добуш берүү“ позициясы абдан эле келечеги жок позиция. Чынында шайлоочулардын көбү баарына каршы добуш берсе шайлоо өткөн жок деп таанылат дагы шайлоого катышып жаткан партиялардын баары кийинки шайлоого катыша алышпайт. Бирок тиешелүү мыйзамдарда талапкерлер жөнүндө эч нерсе белгиленген эмес. Бул демек, эски партиянын тизмесиндегилер шагыраган тейден жаңы партияларга кирип, жөн эле кайра шайланат деген сөз.
Ошону менен катар эле мурдагы шайлоолордун статистикасы көрсөткөндөй, бюллетендеги “Баарына каршы” графасы эч качан 1%дан ашкан эмес. Эгерде кандайдыр бир укмуш болуп кетип, каршы добуш бергендер 10% болуп кетсе дагы, бул алардын өздөрүнө эле зыян. Мындан сырткары, шайлоочуларлын 10% “баарына каршы” деп добуш берсе, парламентке келчү партиялардын саны азаят, 10% шайлоочу, болжол менен 12 депутаттык орунду түзөт, бул орундарды болсо чоң-чоң партиялар бөлүп кетишет. Ошентип көп орун алган партиялар парламенттен дагы көп мандатка ээ болушат. Ал эми чакан партиялар болсо жетиштүү добуш ала албай калат дагы, парламентке өтө алышпайт.
Белгилүү болгондой, парламентке келген партиялардын саны көп болсо саясий күчтөрдүн көп түрдүүлүгүнө жана алардын ортосундагы атаандаштыкка, башкача айтканда, саясий плюрализмге шарт түзүлөт. Бул албетте, сөз жок абдан пайдалуу жана керек көрүнүш.
Эгерде парламентте плюрализм болбосо, анда бир-эки партия бийликтин негизги бутагына – мыйзам чыгаруу бутагына монополия кылып, аткаруу бийлиги менен сот бийлигине өз кишилерин каалагандай коюп жатып калышат. Ошентип, жалпысынан алганда мамлекет, анын менен баарыбыз – өлкө жарандары утулушта болобуз.
Андыктан, “баарына каршы” – натыйжасыз ыкма болуп саналат. Каршы добуш берүү эски саясатчыларды люстрациялоого жардам бербейт. Алар кайра эле башка партияларга өтүп алышат. Акылдуу сөздөрдү айтып, куру убадаларды берип, элдин башын айлантып отуруп, парламентке келе беришет.
Мындай учурда шайлоо тилкесине келип, сиздин жүрөгүңүздөгү партияга добуш берүү эң эле туура кадам болуп саналат. Бирок кандай болгон күндө дагы, шайла же шайлаба, парламентке келген депутаттар сиз добуш берген депутаттар болсун!