Асель Алымбаева, “Ыйман нуру” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Мен Кыргызстанга инвестиция кылам!”

33

Биздин программанын алдыңкы катарындагы аткарылчу долбоор – бул “Он миң баштоочу инвестициялык долбоорду ишке киргизүү менен жумуш орундарын түзүү”.

Биздин өлкөдө азыр бош бизнес орундары абдан көп. Иш баштайм дегендер үчүн азырынча конкуренти аз эң чоң мүмкүнчүлүктөр арбын.

Бирок, көптөгөн жаштардын ири долбоорлорду ишке ашырууга каражаты жетишсиз болгондуктан, идеялары иш жүзүнө ашырылбай жатат. Тилекке каршы, бир топ билимдүү, акылдуу, иш билги жаштарыбыз чет өлкөлөргө кетип жатышат. Биз иштейм деген өз жарандарыбызга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунушташыбыз керек. Эгерде жаш ишкерлер ишин бул жактан баштаса биздин өлкөгө чоң пайда алып келип, бир топ алдыңкы көйгөйлөр чечилмек. Кыргызстанда азыр эң чоң көйгөй – бул жумушсуздук. Иштерман жаштарыбызды мамлекетибиз колдоп, биринчи жылы салыктан бошотуп, аз пайыздагы кредит берсе, көптөгөн өлкөбүздүн жарандары жумуш орду менен камсыз болуп, анын арты менен жакырчылык да жоюлат.

Кээ бир адамдардын идеясы бар, бирок акчасы жок, ал эми кээ бириники акчасы бар.

Биздин максат – мындай адамдарды бириктирип, жаңы өндүрүш ишканаларды ишке киргизүү; Кыргызстандын бюджетин түзүүчү ички дүң продукцияларын эки эсе көбөйтүү;

Жүз миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүп берүү.

Мен буга чейин “Мен ишкермин” жаш ишкерлер клубун негиздеп, бир нече чакан бизнес ачам деген жаш ишкерлерге бизнестеги өз тажрыйбам менен бөлүшүп келгем. Клубдун максаты – бул жаш стартаперлер менен ийгиликтуу ишкерлердин ортосунда копуро болуу жана бизнес боюнча билим берүү болчу. Алдыга умтулган, идеяга бай, прогрессивдүү жаштарды мамлекет тараптан да колдоп, алардын долбоорлорун ишке ашырсак, өлкөбүзгө чоң пайда болот. Ушундай максатты ишке ашыруу “Ыйман нуру” партиясынын негизги тапшырмаларынын бири.

“Ыйман нуру” саясий партиясы – жүз миңге жакын жарандарыбыздын жумуш орду менен камсыз болуусу үчүн!”

Буюртма берген: «Ыйман Нуру» акыйкаттыктын жана өнүгүүнүн саясий партиясы. ИНН 02706201210121. Саясий партиянын шайлоо фондунан, каржылык маселелер боюнча ыйгарым өкүл Акматова Айнура Жапаровна тескөөсү менен төлөндү.