Алма: Үйлөнүүгө бир жума калганда жигитимден айрылдым

192

Казакстандык 23 жаштагы Алма үйлөнүү тоюна бир жума калганда жигитенен ажырап калганын жергиликтүү булактардын  бирине айтып берген.

«Болот 27 жашта болчу. Анын эч качан арак ичип, тамеки чеккенин көргөн эмесмин. Биз интернеттен таанышкан элек, күнүгө жазып, жолугушууга чакырып берчү. Ошол кезде ал мага чоң кишидей сезилгендиктен, мен жолушууга барган эмесмин. Биз  2 айдан кийин, капыстан кафеден жолугуп калдык…

Чогуу тамактануу биздин хобби болуп калган эле.  9-сентябрда үйлөнүү тоюбуз болмок. Ресторанды сүйлөшүп, чакыруулардын баарын таратып койгон элек. Экөөбүздүн тең ат-энелерибиз каршы болушкан эмес. 2 жылдй сүйлөшүп жүрдүк. Биз абдан бактылуу элек. Ошентип, үйлөнгөнө чейин кош бойлуу болуп калдым. Август айынын аягында үлпөт көйнөгүн алыш үчүн  эжем менен Алматыга  барып, өзүм каалаган көйнөктү алып, кубанычым койнума батпай  чыкканбыз. Ошол күнү Болот каза болуптур. Эртеси эжем экөөбүз поезд менен жолго чыктык. Эжем менден жашырып эч нерсени айтпай келиптир.  Мен поездден түшкөндө эле досторубуз тосуп алышты, таң калып эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Үйгө келсем чоочун адамдар келип ккалыптыр, Болоттун атасы өлгөнбү деп ойлодум. Ал ооруп жүрчү. Бир кезде апам келип: «кызым, Болтик өлүптүр» деди ыйлап. Алгач ишенген жокмун. 

Апа калп айтпаңыз? кыйкырып аны издеп баштадым, бирок тапкан жокмун. Бары ыйлап, мени кучактап өөп, кайрат айтып жатышты. Мен баарын түртүп Болотту издеп жаттым, ал моргдо экен. Кийин анын аш казанынан операция болуп, ошол бойдон кете бергенин уктум. Кийин эсиме келип, ичимде биздин сүйүүбүздүн бир бөлүгү калганын эстедим. Бирок, ал стреесстен улам, ичим катуу ооруп, ооруканага барганда 8 жумалык бала түшүп калды. 

Кыздар жакындарынан менен болгон ар бир мүнөтүнөрдү баалагыла. Мен Болот менен аз убакыт болсо дагы бактылуу күндөрүм болду».