Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканада жатат

38

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмянов ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда ЖАМКтын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Илмиянов Бишкектеги оорукананын кардиология бөлүмүндө жатат, ал ооруканага стационардык дарылануу үчүн жаткырылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Икрамжан Илмиянов Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2017-жылдагы президенттик шайлоодо “Дизель коплект” ЖЧКдан сыйлык жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган деп айыпталып, жети жылга кесилген.

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, Илмияновго мунапыс берген. Мурунку чиновник мүлкүн конфискациялоо жана 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен 5,5 жылга эркинен ажыратылган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын чечими менен ал жазасын өтөө үчүн Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка которулган.

Көпчүлүккө “Шопур” лакап аты менен белгилүү Икрамжан Илмиянов Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон. 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттин аппаратынын башчысынын орун басары жана мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп иштеген.