Мухтар Ɵмүракунов тирүү болгондо, канкор Бакиевдин «бɵлтүрүктɵрүнɵ» «Замандаш» партиясынын тɵрүн тепсетмек эмес!

1113

«Замандаш» партиясын Мухтар Ɵмүракунов изги тилек, илгерки үмүт менен түптɵп, далай азап-тозок, баш кɵтɵрбɵй иштеген мээнет менен калк арасына кадырың сиңиргенин билебиз. Эгер ɵзүнүн кɵзү тирүү болгондо, азыр ɵлкɵдɵгү эң абройлуу партиянын бири болоруна шек жок болчу. Тилекке каршы, ɵмүрү кыска экен, жаш экенине карабай шум ажал арабыздан жулуп кетти. Андан бери партия далай талаш-тартышты баштан кечирди, ичине кимдер гана кирген жок. Орустар айтмакчы «проходной дворго» айланды да калды. Анын айынан «Замандаштын» кадыры кетип, колдоочулардынын катары азайды. Далилине шайлоо сайын күбɵ болуп жатабыз, самандай сапырылган акчасын чачса дагы элдин колдоосуна ээ болбой бүк түшүүдɵ. 2015-жылы жок дегенде элдин 3% добушун жыйнай албады.

«Замандашты» Мухтар Ɵмүракунов ɵзү жетектеп жүргɵн маалда башкалардан ɵзгɵчɵлɵнгɵн так позициясы жана абийирди туу туткан таза принциби бар эле. Кийин ал бузулду, булганды. Элдин алыстап, калдайган колдоочулардын оолактап кетишинин эң башкы себеби дагы ушул жерде жатат. Адамдардын ак-карасы иргелбей калды. Мухтардын арбагын сыйлап, партиядан үмүтүн үзбɵй жүргɵндɵр «кɵч жүрɵ-жүрɵ түзɵлɵт» деген изги тилек менен ɵздɵрүн сооротушуп, оркойгон кемчиликтер оңолоруна ишеним артып келишкен. Тилекке каршы, алардын үмүтү акталбай калды. Акталмак турсун суу сепкендей болду. Анткени, партияга «икир-чикирдин» баарын чогултуп, катарына «чимкириктерди» тизип алды. Карагылачы, уурулук кылганды мындай кой, канга колу малынган адамдар жүрɵт. Ыраматылык Мухтар агабыз тирүү болгондо мындайга эч качан жол бермек эмес.

Мухтар Ɵмүракунов канкор Бакиевдин бийлиги менен күрɵшкɵндɵрдүн бири экенин билебиз. «Замандаш» партиясынын балдары Апрель революциясына катышып, шейит кеткендери болгон. Мындан улам Бакиевдер бийликтен кулары менен Мухтар Ɵмүракунов Ала-Тоо аянтына дароо эстелик койдуруп, канкорлор менен келишкис душман экенин тастыктап берген. Кыскасы, кырчындай ɵмүрлɵрдү соолутуп кеткендерге кайнаса каны кошулбастыгын билдирген. Эми карагылачы, Апрель окуясындагы ондогон азаматтын ɵлүмүнɵ байланыштуу канкор бакиевдер менен бирге соттолгон Элмурза Сатыбалдиев «Замандаштын» тɵрүн тепсеп кирип, алдыңкы сабына тизилди. Бул эргул Курманбек Бакиевдин кылмыштуу тапшырмасын так аткарган алдыңкы желдеттеринин бири болгону маалым. Мындай адамды тизмеге киргизүү – партияны тирүүлɵй ɵлтүрүүгɵ барабар да.

Ɵкүнүчтүүсү, «Замандаш» партиясынын «идеологдору» кыргызды кырып кеткен Бакиевдин желдеттеринен жалгыз гана Сатыбалдиевди эмес, бир нечесин тизмеге тизиптир. Ага кимисинин дити барды? Апрель баатырларынын арбагын тебелеп-тепсешсе дагы, жок дегенде Мухтардын арбагын сыйлап коюшпайбы? Дегенибиз, Курманбек Бакиевдин тапшырмасын аткарып, анын ишенимдүү адамы, Бакиевдин доорунда Эсеп палатасын жетектеп жети урпагына чейин жетчү байлык топтогон Искендер Гайпкулов, Мавлян Амракулов, Улугбек Ормонов, Алмазбек Акматов, Мелис Турганбаев тизмеде жүрɵт. Уялбастан мына ушуларды ээрчитип алып барып Ат-Башыдагы Мухтар Ɵмүракуновдун бейитине куран окушту. «Замандашчылардын» бул кадамы Мухтарды сыйлаганга эмес – шылдыңдаганга барабар болду. Мүрзɵсүнүн башына барып: «Сениң ыйык тɵрүңдү канкор Бакиевдин желдеттерине тебелетип жатабыз» дешти. Мындай кадам кыргыздын наркына жатпайт.

Акыркы беш жылда элдин аң-сезими таптакыр башка тарапка ɵзгɵрдү. Аны сезген кɵсɵм саясатчылар жаштарга басым жасап, партиясын жаңы жүздɵр жана жаңы идеялар менен чыгарууда. Ал эми «замандашчылар» элге жек кɵрүнгɵн, таптакыр талаада калган немелерди жыйнап алганы эч кимдин акылына сыйган жок. Эч кимге жашыруун эмес, коомчулук «Замандашты» таза партия катары кабылдап келген. Катардагы колдоочулары «заманшчылар» канга колу чыланган, калктын каргышына калган адамдар менен шайлоого бирге барууну мындай кой, «бир дасторкондон даам сызбайт» деп келишкен. Анткени, баштагы принциби ошондой болчу. Эми ошол принципти кармагандар кантип добушун берет? Сатыбалдиев, Гайипкулов, Ормонов, Амракулов, Акматов сындуу Бакиевдин желдеттерин депутат кылыш үчүн Апрель баатырларынын арбагына түкүрүшɵбү? Буга абийири жол береби?

Азыр партиялар эл колдоосуна ээ болуш үчүн жигердүү убадаларды беришүүдɵ. Ɵлкɵгɵ ири кирешелерди алып келчү программаларын сунушташууда. Мамлекеттик системаны түп орду менен ɵзгɵртүү идеясын кɵтɵргɵндɵр чыгууда. Ал эми «Замандаш» партиясы Кудайдын жɵɵ качкан адамдарды топтоп алгандыгынын кесепетинен программа жаатында дагы аксап калганы ачык билинди. Эл алдында айтканга сɵз табалбаган лидери аргасыздан «биз убада бербейбиз, биз аткарабыз!» деген ураан чакырууда. Ооба, Бакиевдин желдеттери кылмыштуу тапшырма болсо дагы аны аткарып кɵнгɵн, кыргызды кыр десе да алар кайра тартпайт, аны кɵргɵнбүз. Кандуу окуя Кыргызстанда кайрадан кайталанышын каалабайбыз. Демек, алардын аткарышынын бизге кереги жок. Экинчиден, элди ээрчитер идея жоктугунан жогорку ураанда кайталанууда. Маселен, программасына кɵз чаптырып кɵрсɵңүз, бүт кургак сɵздɵргɵ күбɵ болосуз. Ɵкмɵт менен президенттин алдыдагы пландарын кɵчүрүп, чыгарып коюшкан. Бир дагы аткарабыз деген сɵз жок. Анда бир абзацын карайлы:

2020-2025-жылдарга карата максаттар:

– Өз өнүмүн сатуу үчүн айыл-чарба өндүрүшчүлөрүнө түз рынок табууга мүмкүнчүлүк бере турган электрондук айыл-чарба биржасын түзүү;

– Логистикалык борборлорду ЕАЭБдин бирдиктүү логистикалык системасына кошуу;

– Айыл-чарба өнүмүн ЕАЭБ аймагында жүгүртүү механизмдерин иштеп чыгуу;

– Кыргызстандын ЕАЭБке карата инвестицияларын коргоо;

– Айыл-чарба өнүмүн жана тамак-аш өндүрүшүн кайра иштетүү программаларын ишке ашыруу;

– Экономикалык жана соода коопсуздугун камсыздоо;

– Товарларды жана кызматтарды тастыктоо аркылуу экспорттоого багытталган өндүрүш.

– Өкмөттүн жарандар алдындагы отчеттуулугу;

– Мамлекеттик органдардын айкын ишмердүүлүгү;

– Коррупциянын себептерин жоюу;

– Өкмөттү оптималдаштыруу;

– Башкарууну санариптештирүү;

– Административдик-аймактык реформа;

– Жергиликтүү бирикмелердин жигердүүлүгүн арттыруу;

Баштан аякка чейин ушундай сɵздɵр. Мындай программага эч ким ээрчибейт, добушун бербейт. Анткени, шайлоочу эртең талап кыла албайт. Бул жерде убада жок, эртеңки күнү кайсынысы аткарылып, эмнеси аткарылбай калганын эч ким аныктай албайт. Мындай программаны такымын жеген куу түлкүлɵр, элди алдаган шумпайлар гана сунуштайт. Аны Бакиевдин желдеттери абдан ɵздɵштүргɵн, ошолордун идеясы менен түзүлгɵнү кɵрүнүп турат. Мындай кɵз кɵрүнɵɵ митайымдык менен эч качан элди ээрчитүүгɵ мүмкүн эмес. Албетте, Минскиден акча агып келиши ыктымал. Бирок, ага да элдин калың катмарын азгырып, сатып алышы кыйын. Себеби, канкор Бакиевдердин желдеттери «Замандаш» партиясынын тɵрүнɵ бутун сүртүп, булгап таштады. Шайланып калса «былык» иштери менен огобетер заңдайт. Андыктан сак бололу замандаштар!

Нургазы Айтмырзаев

Де-Факто