Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 604 учур катталды. Жалпы 50 миң 634

23

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 50 миң 634 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 640 жаңы учур катталды. Ал эми 573 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 1-октябрдан тартып карантиндик жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен чек араларда транспорттордун бардык түрүнө киргизилген чектөө алынат.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 46 миң 645 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 421 бейтап каза болду. 3 миң 566 бейтап ооруканаларда дарыланууда.