Шайлоо-2020: Эл аралык дагы 14 байкоочу катталды

28

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйынында 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын дагы 14 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, БШК буга чейин эл аралык 25 байкоочуну каттоодон өткөргөн.

Ирет №Күб.№Байкоочу өкүлү болгон эл аралык уюмФ.А.А.ӨлкөЭэлеген кызмат орду
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)Постивый Сергей АлександровичУкраинаУкраинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Украинанын БШКсыШараг Екатерина ДмитриевнаУкраинаУкраинанын БШКсынын катчылыгынын жетекчилиги
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигиХаразиСаидИран Ислам РеспубликасыИран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигиРостамиянТагиИран Ислам РеспубликасыИран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин биринчи кеңешчиси
Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы өкүлчүлүгүХайне Ронни ДиркГермания Федеративдүү РеспубликасыКонрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ)ПокраяцСашаСербия РеспубликасыЕККУнун ДИАУБдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын координатору
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ)ХанжинАндрейСергеевичРоссия ФедерациясыДИАУБдун Миссиясынын улуттук азчылык маселелери боюнча эксперти
Нидерланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчилигиКарстенсАндрэНидерланд КоролдугуНидерланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчиси
Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүЛевовскиРената ВасилевнаМолдова РеспубликасыШайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнүн директору
Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүХонг Ын ХеКорея РеспубликасыЭл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары
Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)Сироткин Сергей НиканоровичРоссия ФедерациясыРоссия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)Абдусаломов Мирза –Улугбек ЭлчиевичӨзбекстан РеспубликасыӨзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы
Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясыАлимов Шерзод БатыровичӨзбекстан РеспубликасыӨзбекстан Республикасынын БШКсынын МКТ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги
Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилигиФренкель ГалинаИзраильИзраиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-октябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, кабыл алынды.