ПОЛКОВНИК ПАМИР АСАНОВ 56 ЖАШКА ЧЫКСА ДА ПЕНСИЯГА КЕТПЕЙБИ?

400

ИИМдин орун басары Памир Асанов 16-октябрда 56 жашка чыгат. Мыйзам боюнча 55 жашка чыккандан кийин полковник чиндаражасындагылар пенсияга кетиш керек болчу. ИИМдин жобосу, ички тартиби ушундай. Бирок, бул кадр былтыртан бери эле “былк” этпей отурат. Эми саналуу күндөрдөн соң 56 жашты багындырса, дагы тырмышып отура береби? Укук коргоо органдарынын жетекчилери мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча үлгү көрсөтүшпөйбү? Тилекке каршы, биздин ИИМ болбой калды. “Балык башынан сасыйт” дегендей, өздөрү мыйзам бузуп жатышса, коомдуккоопсуздук кырдаалды, кылмыштуулукту жөнгө салышмак беле?

“Азия Ньюс” гезити