Кыргызстанда сутка ичинде 69 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 41 миң 484

68

Кыргызстанда сутка ичинде 69 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 10, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда –5, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 16 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 484кө жетти.