«Ата Мекен» партиясы Ош, Баткен облустарын кыдырды. Сүрөт

188

“Ата Мекендин” талапкерлери Ош жана Баткен облустарынын бир катар айылдарында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү. Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева баштаган лидерлер партиянын программасы, көздөгөн максаты тууралуу шайлоочуларга маалымат берип, элдин жүрөгүн өйгөн суроолорго ынанымдуу жоопторун бере алышты.

Кайсы айыл болбосун, шайлоочулар “атамекенчилерди” жалындуу дем жана чоң ишеним менен тосуп алышты. Партиянын тизме лидери Жанар Акаев өлкөдөгү кризисти белгилеп, ал туңгуюктан эрктүү жана күчтүү парламент гана алып чыга ала турганына токтолду.

“Азыр акча менен абийирдин, адал менен арамдын, ак менен каранын күрөшү жүрүп жатат. Ака-ука, куда-сөөк, бажалардын жоон тобу бул ирет бийликтин баарын колго алууну көздөдү. Алар мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн өнүгүүсү, жана балдардын жаркын келечеги үчүн жандалбастап жатат дейсизби!? Алар азыркы майкөл-сүткөл жашоосун уланткысы келет, жеке керт башынын, бизнесинин кызыкчылыктары үчүн бир ууч топко кың этпей кызмат кылуусун уланатат. Биз парламентке келсек, өкмөттүн курамын жүз пайыз өзгөртөбүз. Парламенттин мүнөзүн, өзөгүн, табиятын өзгөртөбүз. Парламент азыркыдай бийликке гана кызмат кылган “кнопка баскыч” эмес, элге кызмат кыла турган билимдүүлөрдүн, чечкиндүүлөрдүн ордосу болушу керек. Адилеттүү, кубаттуу парламент гана кубаттуу өкмөттү курайт”, – деди ал.

Акаев бул жолку шайлоолор өтө ыплас чечимдер, админресурсту колдонуу жана добуш сатып алуу менен коштолуп жатканын, оппозициялык партияга бут тосуулар болуп жатканын белгиледи. Ошого карабай, “Ата Мекенди” жан дили менен кубаттап, колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазылыгын билдирди.

Рыскелди Момбеков алдыда жөн гана шайлоо эмес, өлкөнүн тагдырын чечүүчү маанилүү тандоо турганын белгиледи.
“Бүгүн ушундай кырдаалда – тарыхты чече турган, тайгак кечүүнү кече турган маалда эл жоопкерчиликти өзүнүн колуна алышы керек да. Эл эч качан өзүнө жоопкерчиликти албай эле, анан алтынчы чакырылыш акмасыңар, чимкириксиңер депчи. А бирок ошону түптөгөн эл да. Бүгүн эң күчтүү бийлик силердин колуңарда. Ал –добушуңар. Эң күчтүү бийликтин ээси силерсинер урматтуу кыргыз элим. Ушул бийлгиңерди эртең базаркомдорго, банкирлерге, бандиттерге, байлап берсеңер – анда элибиздин шорунун катканы”, – деген Момбеков элди добуш сатпоого чакырды.

Эльвира Сурабалдиева, Абдывахап Нурбаев, УланЖураев, Керимберди Макеев, Абдимиталип Сатыбалдиев, Улан Мамразыков, Айгүл Наватова баштаган талапкерлер “Жаңы дем” программасындагы экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча алгылыктууу кадамдары тууралуу маалымат берди.
Жолугушууга келген шайлоочулардын баары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева чыныгы депутаттык үлгүсүн көрсөтүшкөнүн, бул шайлоодо да аларды кубаттап алышарын билдиришти.

“Ата Мекендин” үгүт кербени мындан ары Жалал-Абадга, андан ары өлкөнүн башка аймактарына сапар тартат.
“Ата Мекен” – сөзүнө турат бекем.

Чыгарылган күнү: ___19.09.2020____
“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.