Ыйман Нуру: Нуржигит Кадырбеков мугалимдердин эмгеги жана кадр маселесин көтөрдү

122

Нуржигит Кадырбеков, «Ыйман Нуру» саясий партиясынын лидери: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоо саясаты киши ыйлаарлык. Дегеним 70-80000 бүтүрүүчүнүн ичинен жогорку балл алган (150-220) бир дагы бүтүрүүчү мугалимдикке тапшырбайт жана тапшырайын деген дагы ою жок. Эң аз балл алган, башка окуу-жайларга шансы жок калган бүтүрүүчүлөр гана тапшырып жатышат. Анткени мугалимдик кесиптин аброю жок. Бул биздин агартуу тармагы үчүн аябай чоң жоготуу. Себеби эртең эле келип ошол сабатсыз кадрлар сабатсыз окуучуларды даярдашууда. Жогорку балл алган мектептин бүтүрүүчүлөрүн педагогикалык университеттерге бюджеттик негизде окутуу керек».
«Саламатсызбы биздин мекендин оор жүгүн жонуна көтөрүп, атаандаштык менен ПАРЛАМЕНТКЕ аттанган “ЫЙМАН НУРУ” партиясынын мекенчил, ак жүрөк жигиттери. Ар бир кадамынарга ЖАРАТКАН назар салып, алдыга койгон максаттарынар орундалсын. Биздин парламентке НУРЖИГИТ КАДЫРБЕКОВдой интеллектуалы бийик инсандар керек. Буйруса биз сизди ошол жактан күтөбүз. Үгүт иштеринердеги жолугушууларда мугалимдер үчүн дагы мотивация иштеп, агартуу тармагындагы жөнгө салынуучу иштерди баса белгилеп коюунарды өтүнөбүз. Дегеним көпчүлүк эл угуп, анан ойлонушат. Менимче мугалимдер үчүн көп жакшы пикирлерди айтып жүргөн бул бир гана НУРЖИГИТ КАДЫРБЕКОВ. Ушул жагына СИЗ жана СИЗДИН партия көңүл буруп, реформа киргизет деген биздин мугалимдердин ЧООООН үмүтү бар».
Биздин мугалимдердин жана бүтүрүүчүлөрдүн добушу НУРЖИГИТ КАДЫРБЕКОВ үчүн.
Талас районунун мектебинин мугалимдери:
Асыранов Эржан
Кочконбаева Салтанат
Ибраимова Элмира
Сыдыкова Аида
Субанбекова Назира
Уран уулу Кайрат
Бактияр уулу Арлен

Буюртма берген: «Ыйман Нуру» акыйкаттыктын жана өнүгүүнүн саясий партиясы. ИНН 02706201210121. Саясий партиянын шайлоо фондунан, каржылык маселелер боюнча ыйгарым өкүл Акматова Айнура Жапаровна тескөөсү менен төлөндү.