«Республика»: 6 пайыздык ​ ипотека – бул ​ реалдуу кадам! ​

109

Бюджеттик структураларда иштегендерге ​ ипотеканы 6% дан ​ ашырбоо керек. “ Республика” ​ партиясынан ​ Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер ​ Гулнара Молдобаева: ​ “Бишкек шаарында ​ ар бир жетинчи үй-бүлө ​ турак-жайы жок ​ батирде жашайт. Ооба, ​ бүгүнкү ​ күнү мамлекеттик ​ ипотека иштеп ​ жатат, бирок, жылдык ​ пайызы ​ өтө жогору ​ болууда.​ Сөз ыңгайы келип ​ калганда ​ айта ​ кетпесем болбойт, ​ бул демилгени ​ 2015-жылы “Республика” ​ партиясы көтөрүп чыккан. Азыр бул багытка ​ жыл сайын ​ 1 миллиард ​ сом каражат жумшалат. ​ “Республика” ​ партиясынын ​ программасында ​ мамлекеттик ​ ипотекалык ​ компанияны ​ жоюп, Улуттук ​ Банктын саясатын өзгөртүү менен үстөк ​ пайызды төмөндөтүү каралган.​ Өзгөчө көңүлдү мугалим менен дарыгерлерге бурушубуз керек, ​ бул кесиптин ээлери мамлекеттин ​ камкордугуна ​ муктаж, андыктан “Республика” партиясынын ​ программасында ​ алар үчүн ​ баштапкы ​ кирүү ​ төлөмдөрүн алып салуу каралган” дейт. Эскертке кетсек, учурда бюджеттик мекемелерде ​ иштегендерге ​ ипотекалык ​ насыя ​ берилип жатканы менен ​ баштапкы ​ төлөмдөр ​ жалпы сумманын ​ 30 пайызын түзөт жана ​ эсепте ​ бир миллион сомго жакын каражаты болушу керек. ​
“Бул мугалимдер жана ​ дарыгерлер үчүн өтө ​ чоң каражат, ​ билим берүү жана саламаттыкты ​ сактоо тармагынын ​ кызматкерлери ​ ипотека алаарда ​ мындай ​ төлөмдөрдөн ​ бошотулушу керек, биз ​ бул кесиптин ээлерине ар тараптуу ​ колдоо көрсөтүшүбүз керек ” ​ дейт ​ Гулнара Молдобаева.

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, ​ анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жоюп ​ тышкы чалгындоо кызматын түзүү, ​ прокуратураны жоюп, аны Адилет ​ министрлигинин курамына ​ киргизүү ​ суроолору ​ турат.​ Партия жумуш орундарын түзүү ​ жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” ​ стратегиялык ​ маанидеги ​ ишканалардан тышкары, ​ бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН ​ 01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.