“Республика” №14: Программисттин ​ диплому 11-класста! Аттестат менен кошо ​ кесиптик ​ дипломго ​ ээ бол!

130

“Республика” ​ партиясы билим берүү тармагында чечкиндүү реформаларды жүргүзүп, ​ кагаз бетинде эмес, чыныгы санариптештирүүнү ишке ашырат. Ар бир ​ окуучу мектепте жана кесиптик лицейде билим алуу ​ менен ​ бирге ​ заманбап кесипти өздөштүрөт! ​ 100 миң мектеп бүтүрүүчүсү 11-класстын аттестаты менен бирге программисттин ​ дипломун алып чыгат. ​


Кыргызстан келечекте өзүнүн Кремний өрөөнүн же Сколково сыяктуу долбоорлорун ​ иштетүүго ​ түрткү ​ берген каржы жана технологиялык платформаларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
“Тездик менен өнүгүп жаткан ​ жаткан санарип коому IT-адистерине көбүрөөк муктаж болуп жатат. Бүгүнкү күндө көптөгөн электрондук кызматтар жана операциялар үчүн төлөмдөрдү блокчейнсиз элестетүү мүмкүн эмес! Программисттер – бул Джобс сыяктуу дүйнөнү өзгөртө турган жаңы муун, алар өзүнүн интуициясына жана намыскөйлүгүнө ​ таянышы ​ керек. Бул жогорку айлыкты камсыздаган эң жаңы кесип, биз бардык мектептерде ​ ушул ​ багытта билим алууну киргизебиз!”, – деди “Республика” ​ партиясынан ​ талапкер ​ Дайан Белек.


Буга чейин ​ “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев ​ улан-кыздар ​ милдеттүү түрдө ​ 11-классты мектепте, колледжде же ​ кесиптик лицейлерде аяктоосу ​ керек ​ деген ​ демилге ​ көтөрүп, ​ мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул багытта ​ атайын ​ изилдөөлөрдү жүргүзгөндө ​ 200 миң кыргызстандык ​ тогузунчу ​ классты ​ бүткөндөн кийин ​ эч жерде ​ окубай калган. Айрымдары ​ акча табуу максатында ​ алыскы ​ жана ​ жакынкы өлкөлөргө ​ мигрант болуп кетсе, кээси ​ көчөдө бош жүргөндүктөн ​ кылмыштуу ​ жана ​ ар кандай ​ экстремисттик ​ тартып кетүүдө. Бул мыйзам кабыл алынган жана ​ 2021-жылдан тарта ​ күчүнө кирет. Буга ​ улай “Республика” партиясы ​ эми ​ бардык орто мектеп окуучуларына программисттен баштап ашпозчуга чейинки ​ кесиптерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн ​ сунуштап жатат. ​
Андан ​ тышкары, “Республика” партиясы мамлекеттик кызматтарды толугу менен санариптештирүүнү жактайт ​ . Санариптештирүү ​ өлкөнүн бардык тармактарын ​ камтышы керек, бул билим берүү тармагынан жан мамлекеттик кызматтардан башталышы зарыл.


“Кагаздар жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми ​ санариптик блокчейн менен эч качан ​ мындай ​ маселе ​ болбойт. “Республика” буга чейин керексиз маалымкаттарды азайтып, калкты тейлөө борборлорун ачкан. Эми калк учүн ​ мамлекеттик кызматтарды алуу дагы жеңилдейт. Мамлекеттик кызматтарды телефондун көлөмүнө чейин кыскартабыз! Паспортту үйдөн чыкпай эле аласыңар! Келечекте кагаздар болбойт”, – ​ дейт ​ “Республика” партиясынан ​ талапкер.​


“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, ​ анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жоюп ​ тышкы чалгындоо кызматын түзүү, ​ прокуратураны жоюп, аны Адилет министрлигинин курамына ​ киргизүү ​ суроолору ​ турат.​ Партия жумуш орундарын түзүү ​ жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” ​ стратегиялык ​ маанидеги ​ ишканалардан тышкары, бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН ​ 01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.