«Республика» №14: Парасыз жол! ​

414

«Республика» партиясы көйгөйдү ​ айтып коюу менен чектелбейт, Республика ​ партиясы ​ көйгөйдү ​ чечуу жолдорун билет ​ жана ишке ​ ашыра ​ алат. Партиянын « Алдыга ​ жол» ​ программасы ​ – Кыргызстандын ​ өнүгүүсүнө ​ алып ​ бара турган ​ реалдуу ​ реформаларды ​ камтыйт. ​ Жер-жерлердеги ​ жолугушуу ​ учурунда ​ шайлоочулар ​ программанын ушул ​ өзгөчөлүгүн ​ баса ​ белгилеп, ​ “Республика” ​ партиясына ​ колдоо көрсөтүп ​ жатышат. ​

Экономика министрлигинин ​ алдындагы ​ экономикалык саясатты ​ иликтоо институттун мурдагы жетекчиси ​ Алмаз Исанов ​ жолдорду куруу стандарттарын өзгөртүү керек ​ деп эсептейт: “Өлкө эгемендүүлүктү алганы отуз ​ жыл болот, ​ бирок, бүгүнкү күнгө чейин жол көйгөйү чечилбей келет. Дүйнө өтө ыкчам ​ өнүгүп жаткан ​ маалда дагы деле жолдорду талкуулап ​ отурганыбыз жакшы эмес. Учурда ​ Кыргызстанда ​ жолдорду салууда өткөн кылымдын 60-жылдарындагы технологиялар ​ колдонулуп келет, мындай ыкма менен салынган ​ жолдор ​ сапаты ​ жагынан начар жана ошол ​ эле убакта кымбат ​ болуп жатат. 70 пайызы импорттолуп келген асфальт менен салгандын ордуна темирбетонду колдонуу ​ зарыл. Биринчиден, цемент өзүбүздөн ​ чыгат, түсү да ачык болгондуктан жарыктандырууга ​ көп чыгым кетпейт. Аймактардагы ​ жолдордун ​ абалы кандай ​ экенин билебиз, андыктан, каражат жагынан да азыркы технология менен ​ салынып ​ жаткан жолдордон ​ бир нече эсе арзанга турган ушундай ыкма менен ​ өлкөнүн ар бир айылындагы жолдорду оңдоп, жок болсо салыш керек! “Республика” партиясы өлкөнүн кан тамыры болгон бардык ​ жолдорду жаңы стандарт менен ​ куруу демилгесин көтөрөт жана ишке ​ ашырат. Татыктуу жашоо тандагын келсе, “Республика” партиясын танда!”

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, ​ анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жоюп ​ тышкы чалгындоо кызматын түзүү, ​ прокуратураны жоюп, аны Адилет ​ министрлигинин курамына ​ киргизүү ​ суроолору ​ турат.​ Партия жумуш орундарын түзүү ​ жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” ​ стратегиялык ​ маанидеги ​ ишканалардан тышкары, ​ бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН ​ 01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.