“Ата Мекен” партиясы: бийлик “мээге” муктаж!

207

“Эгемендүүлүк алып, өз алдынча мамлекет болгонубузга 29 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшкөнгө болгон күчүн жумшады. Бирок, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган кандай гана программа болбосун калоо боюнча кагазда кала берип, ишке ашпай жатканы тууралуу ойлонуп көргөнсүзбү?! Эгемендиктин отузга чукул жылдарында жазылган мындай документтерди топтосок 10 том чыкса керек. Жана алардын бири да жүзөгө ашкан жок. “Ата Мекендин” жаңы командасы ишти кагаздан эмес, административдик аракеттерден баштайбыз”, – деген Жанар Акаев, “Ата Мекендин” бул сунушуна кененирээк токтолду.
“Системаны реформалоо үчүн процессти жөнгө салуучу атайын түзүм, шартуу айтканда, стратегиялык-реформалар борборун түзүү керек. Анда ар бир жагдай талкууланып, электен өтүп, ынанымдуулугунан шек санабай, мамлекеттик планга киргизилгени жалпы журтка жарыяланышы керек. Өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы картинасы ушул борбордо аныкталат.

“Ата Мекен” парламенттеги ишин болочоктогу премьер-министрдин алдында дал ушул стратегиялык –реформалар борборун түзүү демилгеси менен баштайт.
Бул өтө маанилүү демилге. Анткени, биринчиден, аталган программа коомчулукка сиңип, элдин кубаттосуна ээ болуш үчүн, бардык саясий күчтөр, жарандык активисттер, серепчилер менен бирге иштөөсү керек. Ар бири программаны баштан-аяк билип, өзүнүн “эмгеги” деп таанууга тийиш. Айтылган сунуш-пикирдин бири да четте калбай, тыкыр анализдениши керек. Экинчиден, реформанын ишке ашуусун көзөмөлдөп, керек учурда түзөтүү киргизе алган орган түзүү керек. “Ата Мекен” учурда мамлекетибиз көксөп турган “мээ борбору” дагы ушул болсо деп максат кылат”, – дейт партиянын шайлоо тизмесинин лидери Жанар Акаев.

Чыгарылган күнү: __15.09.2020 ж_____
“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.