Биз элдин эсебинен үгүт иштерин жүргүзбөйбүз! “Ата Мекен” партиясынын депутаттары өздөрүнүн сентябрь айындагы маянасынан баш тартышты

267

“Ата Мекен” №6!
Биз элдин эсебинен үгүт иштерин жүргүзбөйбүз!
“Ата Мекен” партиясынын депутаттары өздөрүнүн сентябрь айындагы маянасынан баш тартышты. Мындай кадамын 3-сентябрь күнү кабыл алынган Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн 2020-жылдын 2-октябрына чейин убактылуу токтотуу чечимине ылайык деп түшүндүрүштү.


“Биз депутаттыкка аттанып, учурда ар бирибиз шайлоочулар менен жолугушуп, аймактарды кыдырып, “үгүт талаасында” жүрөбүз. Парламентте иштебеген соң, ушул аралыктагы маянаны алуубуз бери дегенде адилетсиздик. Ансыз да бюджеттин таңкыстыгы жогору болуп турат. Казынадан акча коротууну каалабайбыз”, – дешти “Ата Мекен” партиясынын талапкерлери.


Маянасынан баш тарткандар, Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулейманов жана Эмиль Токтошевдер болушту.


«Тилекке каршы, айлыгыбызды кайрымдуулукка же бир пайдалуу ишке жумшап коюуга болбойт. Анткени үгүт учурунда бул мыйзам бузуу катары саналат. Ошентсе да шайлоочуларыбыздын алдында жүзүбүз жарык болуусун каалайбыз. “Ата Мекен” партиясынын негизги принциптеринин бири адилеттүүлүк деп жар салганбыз. Биздин ар бир кадамыбыз бул талаптарга жооп бериши маанилүү. Депутаттар шайлоо деп чуркап жүргөнү үчүн элдин салыгынын эсебинен айлык алууга укугу жок”, – деп белгиледи Наталья Никитенко.


«Мындай кадамдан соң бизди популист атагандар чыгаары шексиз. Бирок, депутаттардын баары учурда тикелей милдетин аткарбастан, шайлоого чуркап жүргөнү чындык. Демек, маянадан баш тартуу чечимибиз туура кадам болду. Жаңы Жогорку Кеңешке депутат болом деген кесиптештерибизди дагы биздин демилгени колдоп, айлыктан баш тартууга чакырабыз”, – дейт атамекенчилерди шайлоого баштап бараткан Жанар Акаев.

Чыгарылган күнү: 15.09.2020
“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.