Аялына «кечээ ким менен болдуң?» деп айткан киши бычак жеп каза болду. Окуянын чоо-жайы

833

Сокулук райондук соту Жазык кодексинин 138-беренесини 1-бөлүмү (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыпталган Чынаранын (аты өзгөртүлдү, А.А.) жазык ишин карап чыкты.

Чынара 2020-жылдын 24-июнь күнү саат 13:00 чамасында күйөөсү Данияр (аты өзгөртүлдү, Д.у.С.) менен «сен келсең кызымдын маанайы түшөт» деп уруша кеткен. Ошол маалда дарбыз кесилген бычак менен Даниярды көкүрөк тарапка сайып жиберген. Анын кесепетинен Данияр алган жаракатынан улам Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилип, 30-июнь күнү каза болуп калган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Данияр эки тараптуу пневмониядан каза болгону, бычактан алган жаракаты оор жаракат экени аныкталган.

Соттук отурумунда айыпталуучу Чынара күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, 23-июнда кичинекей кызы менен үйүндө дарбыз жеп отурган. Ошол маалда күйөөсү Данияр кызуу абалда келип, алар менен чогуу дарбыз жеген. Андан кийин Данияр туруп, эшикке чыгып бара жатканда Чынара: «Кечкиге кандай тамак жасайын?» деп сураган. Ошондо Данияр Чынараны согуп чыгып кеткен. Жарым сааттан кийин мас абалда келип, Чынараны жулкулдатып ордунан тургузган. Бул маалда айыпталуучунун колунда бычак болгон. Күйөөсү көйнөгүнөн тартып, «башка ич кийим кийип алыптырсың. Кечээ ким менен болдуң?» деп жатканда Чынара: «Кое тур, бычакты коюп коёюн» деген. Данияр: «Келе бычакты» деп, өзүнүн көкүрөгүнө өзү сайып жиберген. Андан соң айыпталуучу тез жардам кызматына телефон чалган. Медкызматкерлер менен чогуу эки милиция кызматкери келген. Аларга күйөөсү: «Мен өзүм күнөөлүүмүн» деп айткан.

Чынара 24-25-июнь күндөрү күйөөсүн карап ооруканада жаткан. Данияр эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, үчүнчү күнү палатага которулган. Андан кийин 26-27-июнь күндөрү дагы күйөөсүн карап жаткан. Милиция кызматкери Даниярга «арыз жазасызбы?» деп сураганда, жабырлануучу: «Жок, жазбайм, аялымды каматпайм. Мен өзүм күнөөлүүмүн» деп айткан.

Сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Э.Д.нын айтымында, 2019-жылы алардын атасы рак оорусу менен ооруп калганда, Э.Д. Казанга дарысына акча тапканга кеткен. Ошентип ал жактан акча салып турган. Бирок атасынын ден соолугу начарлап баштаганда аны апасы чакырып алган. Атасы ооруп жатканда көп киши келишкен. Бирок ал кишилерди Чынара жактырган эмес. Айыпталуучунун биринчи турмушунан бир кызы, каза болгон иниси Даниярдын биринчи турмушунан бир баласы болгон. Алардын үйү Даниярдын баласына калмак болгон. Аны уккан Чынара өзүнчө жашайбыз деп баштаган. Ошентип алар бөлүнүп кетишкен.

28-июнда Э.Д.га Чынара Даниярга бычак сайылганын айткан. Аны угуп, ооруканага барган. Алдынан Чынара чуркап чыгып, Данияр кызганып уруш чыгарганын, жыгылып кетип бычакка сайылганын айткан.

Э.Д. палатага киргенде инисинин абалы аябай оор болгон. Бычак сайылган жери кызарып кеткен. Данияр эжесине аялы менен уруша кеткенин, ал бычак менен сайып салганын айткан.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү эртеси да ооруканага келген. Ал учурда Чынара жок болгон. Э.Д. дарыгерлерге жолукканда алар Даниярдын өпкөсү тешилип, бооруна кан толуп, ички органдарын кандан араң тазалашканын, Даниярдан туугандары жок деп ойлогондорун, бычак түштө сайылып, бирок кеч келгендигин айтышкан.

Ага чейин Данияр эжесине буларды айтып берген: Чынаранын таенеси Даниярга «Чынаранын ичиндеги бала сеники. Милицияга айтсаң камалып кетет. Сени өзүбүз эле дарылап алабыз» деп айткан.

Жабырлануучу кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип бара жатканда «Чынара мени экинчи жолу сайып жатат. Аны бир нерсе кылгыла» деп айткан.

30-июнда Э.Д. РИИБге арыз жазган. Ал иниси пневмония менен оорубаганын, аны жөн гана кошуп коюшканын көрсөттү.

Жыйынтыгында сот Чынараны Жазык кодесинин 138-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты.

Бул макала Turmush