UFC башчысы Дана Уайт колдоп чыккан ирандык спортчу дарга асылды

411

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиришинче, 27 жаштагы Афкари түштүктөгү Шираз шаарындагы Адел-Абад түрмөсүндө дарга асылып өлтүрүлдү. Ага чейин ал 74 ирет камчы менен сокку алган. Иран мыйзамдарына ылайык, ал өлүм жазасынын алдында үй-бүлөсү менен жолугууга мүмкүнчүлүк алыш керек эле, бирок, бийлик бул мүмкүнчүлүктү да ага берген жок.

Эркин күрөш, жана грек-рим күрөшүнүн балбаны Навид Афкаринин Иранда өлүм жазасына тартылышы Эл аралык Олимпиада комитетин таң калтырды. “Бул өтө кайгылуу жаңылык”, – деп айтылат ЭОКтун тараткан билдирүүсүндө.

“Биз Навид Афкаринин үй-бүлөсү жана достору мененбиз” деп жазган ЭОК.

27 жаштагы Навид Афкари ЭОКтун президенти Томас Бахтын Ирандын жогорку лидерине жана Президентине кайрылуусуна карабастан, 12-сентябрь, ишемби күнү өлүм жазасына тартылган. Бахтын катында спортчуну кечирүү өтүнүчү жана ЭОК Ислам республикасынын эгемендүүлүгүн урматтайт деп кепилдик берилген. Бирок, Иран бийлиги бул өтүнүчтү этибарга алышкан эмес.

Афкаринин өлүм жазасы Ирандын түштүгүндөгү Шираз шаарындагы Адель-Абад түрмөсүндө аткарылган. Иран бийлигинин айтымында, 2018-жылы Шираздагы нааразычылык акциялары учурунда Афкари укук коргоо органынын кызматкерин өлтүргөн. Бирок спортчу, анын үй-бүлөсү жана укук коргоо уюмдары моюнга алуу кыйноолор менен жасалганын баса белгилешти. Спортчунун бир туугандары – Вахид менен Хабиб 54 жана 27 жылга эркинен ажыратылып, 74 жолу камчы менен сокку алышты.

Афкари буга чейин кыйноого алынганын билдирген. Адвокат анын кардарынын күнөөсү далилденбегенин жүйө келтирген. Бирок Тегеран кыйноолор тууралуу бардык билдирүүлөрдү четке кагып келген.

Афкариге АКШ президенти Дональд Трамп жана UFC (Ultimate Fighting Championship) башчысы Дана Уайт колдоо көрсөтүшүп, Иран бийлигинен спортчуну кечирүүнү өтүнүшкөн.

Афкаринин өлүм жазасына тартылышын АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео айыптап, муну “адамдын кадыр-баркына шек келтирген чабуул” деп атап, АКШ мындай жазаларды кескин айыптай тургандыгын кошумчалады. Твиттерде дипломат спортчунун өлүмү унутулбай тургандыгын жазган.