Орусияда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 54 үй-бүлө үй-жайсыз калды (ВИДЕО, ФОТО)

18

Кечээ, 13-сентябрь түнү Орусиянын Краснодар шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 54 үй-бүлө үй-жайсыз калды. Бул тууралуу орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, өрт Краснодардагы Российская көчөсүндө жайгашкан 8 кабаттуу үйдүн 8-кабатынан чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук башкармалыгынан билдиришкендей, өрт тууралуу билдирүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:14тө келип түшкөн. 6 мүнөттөн кийин өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи бөлүмү келген учурда, көп кабаттуу үйдүн 800 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

Тилсиз жоонун аянты 4,4 миң чарчы метрге жеткенде, саат 5:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүгө 175 өрт өчүрүүчү жана 54 техника, өрттү өчүрүүгө жана адамдарды эвакуациялоого коңшу гарнизондордун бийик техникалары тартылган. Эксперттердин айтымында, куткаруучулардын ыкчам жана координацияланган иш-аракеттеринен улам адам өлүмү катталган жок. Өрт чыккан көп кабаттуу үйдө жашаган 300 адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Шаар мэри Евгений Первышов өрт электр зымдарынын бузулушунан келип чыгышы мүмкүн экендигин билдирди: “Батирлери күйүп кеткен жашоочулар “Кавказ” мейманканасына жайгаштырылууда. Муктаждык жаралса дагы бир мейманкана берилет. Биз аларга материалдык жактан жана документтерин калыбына келтирүү үчүн жардам беребиз”, – дейт шаар башчысы. Мэрдин айтымында, кооптуу курулуштарды демонтаждоо иштери башталды, андан кийин үйдө тергөө иш-аракеттери башталат.