Лебединовка айылындагы жол кырсыгынан бирөө каза болуп, беш адам жабыркады

13

Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Ленин-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus RX300 жана Honda Accord автоунаалары кагышкан. Кырсык 13-сентябрда болжол менен саат 20:14тө катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыктын натыйжасында бир эркек киши каза болуп, беш жүргүнчү жабыркаган.

Жерине келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.