«Ыйман нуру» партиясынын кадамдарды көпчүлүктү ынандырууда

237

Кыяс Молдокасымов, коомдук ишмер: «Түзүлгөнүнө аз убакыт болсо да “Ыйман нуру” партиясынын дүбүртү чыгып, катары көбөйөнү сөз болууда. Эмне үчүн? Ушул суроого жооп табуу үчүн партия тууралуу маалыматтарга көз жүгүртүп чыктым.  Карасам, партияны жалаң өз мээнеттери менен иш кылып, ийгилик жараткан ишкерлер, руханий байлыгы мол, сырттан окуп келген, улуттук, диний баалуулуктарды бирдей карманган жаштар түптөп, таза, булганбаган жана саясий амбицияларга жетелетпеген жаңы саясий муундун өлкө саясатын колго алуусуна аракеттенип жатышыптыр.

Булардын максаты-өздөрү баштан өткөргөн кыйынчылыктардан, коррупциядан, бюррократиялык тосмолордон коомду арылтып, заманбап жана акыйкат мамлекеттик башкарууну мамлекетке киргизүү экен. Себеби, мында ишкерлер-нечендеген коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп, ишкерлик кылууда салык, уруксаттарды алуу, каржылык операцияларды жүргүзүүдө пара талап кылуу, бийликтин басымы менен атаандаштарга артыкчылык берүү, атайылап каржылык катаал көзөмөлдөргө алып, мыйзамсыз жоопкерчиликке тартуу сыяктуу ар кандай акыйкатсыз, адилетсиз басым-кысымдарды башынан өткөргөн.

Ошондуктан, ыйманы менен Кудай алдында, иши менен эл алдында, салыгы менен Өкмөттүн алдында ак, таза жүрүүнү негизги принцип кылып алган партия мүчөлөрүнө элдин ишеними жаралып жатат.  Негизи, коом дагы ушундай күчтөрдү талап кылып, пандемияда көзгө ачык көрүнгөн мамлекеттин ички-тышкы маселелерин таза жана эрктүү күчтөр гана чечээрине  көзү жетип калды.»

Буюртма берген: «Ыйман Нуру» акыйкаттыктын жана өнүгүүнүн саясий партиясы. ИНН 02706201210121. Саясий партиянын шайлоо фондунан, каржылык маселелер боюнча ыйгарым өкүл Акматова Айнура Жапаровна тескөөсү менен төлөндү.