Штаб: Бир медиктен коронавирус аныкталса, 16 ак халатчан илдетти жеңип чыкты

12

13.09.20.  Акыркы суткада Баткен облусунда бир медик коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 13 медкызматкер айыгып чыгарылган.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 миң 167 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 13-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 53 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 881ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 922 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.