“Ыймандуу бийлик, берекелүү жашоо” ураанын карманган “Ыйман Нуру ” партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, ишкер Чыңгыз Макешов

107

ЭлТР телеканалынын “Жеке кайрылуу” программасында, алдыдагы шайлоо тууралуу кеп кылышып, партиянын пландары жана платформасы менен тааныштырышты.

Маектин жүрүшүндө, өлкөдөгү өтө орчундуу маселелер боюнча пикир айтылып, аларды мамлекеттин, жарандардын пайдасына чечүү жолдору каралды. Партиянын лидери туура билим алуу, кен байлыктарды туура бөлүштүрүү, аларды инвестициялоо менен өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртуу мүмкүн экенин айтып өттү.

Мындан сырткары, партиянын курамында бийликке жаңы дем менен, бир гана өз ишин мыкты билген жаштардан түзүлгөн команда бар экенин баса белгиледи.

Маекти толугу менен көрүп, партиянын пландары менен тааныш болуңуз

Буюртма берген: «Ыйман Нуру» акыйкаттыктын жана өнүгүүнүн саясий партиясы. ИНН 02706201210121. Саясий партиянын шайлоо фондунан, каржылык маселелер боюнча ыйгарым өкүл Акматова А.К. тескөөсү менен төлөндү.