Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

14

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди, – деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. «Биринчи радиодо» салтка айланып калган ишемби күнкү «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу.

Биз бир нече суроолорубуз менен Мамлекет башчыбызга кайрылганы турабыз.

Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, буга чейинки маектерибизде айтылгандай, коронавирус илдети менен күрөшүү менен катар жашоо өз нугуна түшүүдө.

Азыр эми шайлоо шааниси дейбизби, шайлоо машакаттары дейбизби, айтор, мына ушул саясий маселе коронавируска караганда коомчулуктун талкуусуна түшүүдө.

Парламенттик шайлоого берилген стартты кандай баалап жатасыз?

— Сурооңузга рахмат.

Буга чейин айткандай, алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөөрү анык.

Аны баарыбыз көрүп жатабыз.

Атаандаштыкка туруштук бере ала турган партиялар бар, бере албай турган партиялар бар.

Ушу партиялардын ичинде партиянын идеясын, программасын элге жеткизгенге аракет кылган адамдардын арасында да айырмалар бар.

Бул эми бийлик үчүн болгон күрөш да. Бийликке келүү күрөшү. Ошондуктан, коомчулуктун көңүлүн бул сөзсүз бурат. Бул күрөш абдан катуу атаандаштык менен өтөт деп ойлойм.

Биз азыр мына ушундай учурда жашап жатабыз — саясий партиялар өлкөдөгү саясий маданиятты калыптандыруучу эң негизги күч.

Парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруучу да мына ушул партиялар.

Биз азыр парламенттик демократияны куруу аракетиндебиз.

Бирок, баарыбыз билебиз, парламенттик демократия бир-эки шайлоо менен эмес, бир канча жолкудан кийин калыптанат, өнүгөт.

Муну өнүккөн парламенттик системасы бар өлкөлөрдүн тарыхы көрсөтүп турат.

Ошол көз караш менен алганда биздеги парламенттик демократия азыр калыптануу жолунда.

Ушул жагдай азыркы болуп жаткан шайлоо процессиндеги оош-кыйыштарга да таасир этпей койбойт. Сөзсүз таасир этет.

Бул процессте эң чоң жоопкерчилик — партияларда.

Алардын идеологиялык платформасынын түзүлүшүндө, алардын ички тартибинде. Белгилүү түшүнүк бар го «демократиялык центризм» деген, ошол демократиялык центризмдин жоктугунда болуп жатат.

Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык, же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат.

Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Кечээ же бүгүн чыгып калган жок.

Бул эгемен Кыргызстан парламенттик демократияга жол алды деген акыркы 10 жылдагы көрүнүш.

Мен жогоруда бекеринен айткан жокмун. Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө.

Алар өлкөнү өнүктүрүү процессине катышам деп мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине келем дешсе, эң ириде партиялар партиядагы демократиялык центризмди, ички тартипти бекемдеш керек.

Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек.

Жөнөкөй тил менен айтканда, партиялар коомго үлгү болуш керек. Партиялар өздөрү дагы, партиялардын лидерлери дагы.

Мен мурда да айткам. Бизде, тилекке каршы, укугубузду жакшы билебиз, жакшы коргойбуз. Бирок милдетке келгенде, башкаларга доомат артып, күнөөлүүлөрдү башка жактан издегенге көбүрөөк ыктайбыз.

Өлкө качан өнүгөт?

Качан ар ким өз милдетин так аткарганда өлкө өнүгөт. Өзүнүн милдетин дагы, укугун дагы бирдей билгенде өлкө өнүгөт.

Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат.

Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Айрым партияларда эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй нормалар сакталбай жатат.

Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт.

»Эл башкарам, элдин тагдырын чечем» деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болуш керек деп эсептейм.

Жалпысынан айтканда, алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот.

Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз.

Буйруса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз.

— Шайлоо сыяктуу ири саясий иш-чара болобу, эмне болсо да, туура айттыңыз, илдеттин таралышын алдын алууга баарыбыз жоопкербиз.

Азыр Россия Федерациясы Евразия экономикалык бирлигине кирген өнөктөш мамлекеттерге Россияда чыгарыла турган коронавирус илдетине каршы вакцинасын таратууну пландаштырууда деп маалымдалды. Биздин өлкөгө алып келүү боюнча иш-аракеттер жасалуудабы?

— Дүйнөдө COVID илдети дагы деле кооптуу бойдон калууда. Муну элибиз да, баарыбыз тең көрүп жатабыз.

Россия Федерациясы дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгарды.

Клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти.

Россия Федерациясы акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти.

Жакынкы убакытта вакцина массалык чыгарылат деп ишенем.

Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү.

Илдетке каршы күрөшүү иш-чаралардын алкагында биздин эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

— Сооронбай Шарипович, Сиз аймактарды кыдырууну улантып жатасыз. Бул аптада Ош облусуна барып келдиңиз. Элетке Сиз тараптан мамлекеттик денгээлде жетишерлик көңүл бурулуп жатат деп ойлойбуз. Бирок, борбор шаарыбыз, шаардыктардын муктаждыктары көңүл сыртында калып калган жокпу?

— Андай болгон жок, андай болбойт дагы.

Борбор шаарыбыздын маселелери ар дайым биздин көңүл борборубузда.

Мына, өлкөнү санариптештирүү саясаты.

Бул ушул борбор шаарыбызда чоң талап, катуу көзөмөл менен жүрүүдө.

Менин кеңешчим Дастан Догоев, биздин аппарат, Өкмөт, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Бишкектеги ооруканаларды, калкка кызмат көрсөтүүчү баардык мекемелерди санариптештирүү ишин түздөн-түз менин көзөмөлүм менен жүргүзүп жатышат.

Бул шаардыктарыбыздын күнүмдүк түйшүгүн азайтып, жашоосун жакшыртууга көргөн кеңири камкордук.

Санариптештирүү — коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы да.

Өткөндө дагы айткам, биз баарын камап же каерде коррупциялык схема болсо, жетекчилерин алмаштырып, аны менен токтото албайбыз.

Коррупцияга санариптештирүү аркылуу гана бөгөт кое-алабыз.

Санариптештирүү үчүн каражат бар, толук өлчөмдө берилип жатат. Саясий эрк бар. Борбор шаарга, региондорго чыкканда бул багытта талапты катуу коюп жатам.

Эми эң негизиси бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик муну аткарышы керек, аткара башташты.

Талапты кайсы жерде болсо коюп жатабыз. Муну мен кайсы жерге барсам, шаар болобу, элетте болобу, тынбай айтып жатам.

Бул багытта жылыштар бар, жыйынтыгы болуп жатат, жемишин берет.

Экинчиден, шаар тургундарына негизги көйгөй — коомдук транспорт.

Бул боюнча Өкмөт, Бишкек мэриясы иш алып барып жатат.

Мен толук кабардармын.

Болгон кеңешимди айтып, колдоп, бул багытта чогуу иш алып барып жатабыз.

Мэрияга милдет жүктөлгөн.

Этап-этабы менен, газ менен иштеген автобустарга, электр кыймылдаткыч менен иштеген автобустарга өтүү пландалууда.

Бул, билесиз, дагы бир чоң көйгөй, шаардын абасынын булганышын азайтат.

Мэриянын эсеби боюнча, шаар ичиндеги кичи автобустарды заманбап автобустарга алмаштыруу үчүн дагы 800дөн 1000ге чейин автобус, троллейбустар керектелет.

2019-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 60 автобус алынган.

Быйыл 100 автобус алуу аракети көрүлүп жатат.

Донорлор менен иштеп жатышат. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Фонддун жардамы менен 2021-жылы 300 автобус алып келүү пландары бар.

Мэриянын бул ишине мен эмнеге көңүл буруп жатам?

Калкыбыздын саламаттыгын коргоо — мамлекеттин негизги милдети.

Коомдук унааны жакшыртуу шаар экологиясына, баарыбыздын ден соолугубузга түз таасир этет.

Ошондуктан, буга чоң маани беребиз.

Үчүнчүдөн, дайыма айтып келем, Бишкекке мурдагы жашыл шаар деген атын кайтарышыбыз керек деп.

Бул боюнча конкреттүү иштерди жасап жатабыз.

Мен мэриянын жасап жаткан иштерин колдоп жатам. Жерлерди шаарга кайтарып, аларга бак, парктарды куруу боюнча иштер жакшы кетип жатат. Буга эл деле күбө.

Бул иш ордунан оңой жылган жок. Бул да чоң карама-каршылык менен болду. Бишкектеги жер бөлүү коррупциянын чоң очогуна айланган маселе, билесиз.

Элибиз үчүн эң керектүү эс алуу жайларынын, социалдык объектилердин, парк зоналарынын жерлери менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Ошону кайтаруу боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Бишкек мэриясына мен баш болуп жардам берип жатабыз.

Саясий жактан мэриянын ишине абдан чоң колдоо көрсөтүп жатабыз.

Эмне үчүн дегенде, жер берүү, жогоруда айтып кеттим, коррупциянын чоң очогуна айланган. Жерлерди кайтарууга мэриянын өзүнүн күчү жетпейт. Буга абдан чоң күчтөр, таасирдүү адамдар, чоң каражат аралашкан.

Бирок, эбегейсиз каршылыкка карабай, жерлерди шаарга кайтарып жатабыз. Ошол жерлерге элге кызмат кыла турган парктарды куруп жатышат.

Былтыр көрдүңүздөр, 10 гектарга «Ынтымак» паркы курулду.

Быйыл «Чолпонбай Түлөбердиев» атындагы паркты ачтык. Ал 11 гектар жерди ээлейт.

Дагы бир жаңы паркыбыз ачылды, «Адинай» деп атоону сунуштадык. Анын аянты 13 гектар.

Дагы 4 парк курулуп жатат, жалпы аянты 30 гектардан ашат.

Бул иштин баары — шаарыбыздын тургундарына, келечек балдарыбызга көрүлгөн камкордук.

Болбосо, шаардын жерлери кертилип, сатылып кеткен, дагы да сатылмак. Биз ошол коррупциялык схемаларга бөгөт коюп жатабыз, жерлерди кайра кайтарып жатабыз.

Бул процессти мен коррупцияга каршы күрөштөгү эң бир чоң багыттардын бири деп баа берем.

Мындай иш Бишкекте эле эмес, өлкөнүн башка шаарларында да жүрүп жатат.

Кечээ эле Ош шаарынан келдим, ал жакта дагы мындай иштер жүрүп жатат.

Элдин менчиги элге кызмат кылышы керек. Биз буга катуу турабыз.

Сейил бактардан тышкары, Бишкек шаарынын сыртына эс алуучу жайларды, бизнес борбор жана спорт сарайларын курууну пландаштырып жатабыз.

Футбол, хоккей стадиону, 5 миңден 7 миңге чейин машина коюучу жайлар, жалпысынан 30 гектарга долбоорду пландаштырып жатабыз. Азыр даярдап жатышат, буйруса, бул ишти баштайбыз.

Булар да шаар үчүн ири долбоорлор. Биздин жарандарыбыз үчүн, айрыкча шаардыктарыбыз үчүн белек болуп калат, буйруса.

Төртүнчүдөн, шаарыбыздын тургундары үчүн коопсуздук маселеси чоң мааниге ээ.

Билесиздер, «Коопсуз шаар» долбоору көп жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Бишкек шаарынан баштадык. Бул долбоорду бүт республика боюнча жайылтабыз. Пандемия бир аз тоскоолдуктарды жаратты, азыр бул багытта ишти кайра баштап жатабыз.

Патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоорду ишке ашырдык. Бул дагы чоң долбоор.

»Коопсуз шаар» долбоору жана патрулдук милиция ишке киргенден кийин кылмыштуулук, айрыкча, жол-транспорттук кырсыктары кескин азайды. Жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун саны кээ бир жерлерде 100 пайызга чейин азайды. Кээ бир жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга чейин азайып жатат. Бул жакшы көрсөткүч.

Патрулдук милиция түзүлгөндөн тартып кылмыштуулуктун бетин ачуу жогорулады. Бул долбоор өзүнүн натыйжасын көрсөтө баштады. «Менин милициям — мени коргойт» принцибин кайтарабыз. Кайтарып жатабыз. Бул Бишкекте ийгиликтүү болду, эми Ошто баштап жатат, андан кийин башка шаарларда да ишке ашырабыз.

Жалпылап айтканда, борборубузду, шаарыбызды өнүктүрүү, жакшыртуу маселелерине да чоң маани берип жатабыз. Бул ар дайым биздин көңүлүбүздө жана негизги багыттарыбыздын бири.

— Урматтуу Сооронбай Шарипович, радиоугармандардын атынан, убактыңызды бөлүп, биздин суроолорго жооп бергениңизге ыраазылык билдиребиз.

Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

— Рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.