Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок

8

11.09.20. Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 63 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 761ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 631 киши айыгып чыкты.