Төрт баласын муунтуп өлтүрүп күнөөсүн мойнуна алып полицияга барган

378

Аял төрт баласын муунтуп өлтүрүп, күнөөсүн мойнуна алуу үчүн полицияга барган. Бул тууралуу «Радио Озоди» жазып чыккан. Маалыматта, окуя Тажикистандын Хатлон облусунунда 9-сентябрда катталган. Назокатхон аттуу аял окуя болор алдында эки күн мурун агасыныкына конокко барып келген. Келгенден кийин күйөөсү жумушка кеткенден кийин 10,8, 4 жашар бир жашар баласын муунтуп өлтүрүп койгон. Убакытты көпкө созбой полицияга барып балдарынын баарын муунтуп өлтүрүп үйгө таштап койгонун айткан. Алгач полиция кызматкерлери ишенбегени менен аялдын үйүнө текшерип коюнуз туура көрүшкөн. Чынында эле үйдө эчак денеси муздап калган балдар катарлаш тизилип жатканын көрүшкөн. Учурда аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип тергөө иштери башталды

ARGUMENT.KG