Сыймык Бейшекеев: “Мамлекет мындан жарды болуп кетсе да, Гүлмайрам эжебизге 1 бөлмөлүү батир берип койсо болмок”

716

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев үстүбүздөгү жылы Эл артисти наамын алган ырчы, аткаруучу Гүлмайрам Момушовага сыйлык эмес, сый-урмат керектигин айтат:

“Адамды көзү тирүүсүндө сүйүнткөн кандай жакшы, Гүлмайрам Момушова деген менин Апам курактуу эжебизге Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наам берилди, куттук айтып кубангандардын катарындамын, бирок, бирок деген ой мазамды алып, санаамды мыжып атат, ошол бийик даражалуу наам ал кишиге азыр зарылчылыгы же тыйынчалык пайдасы барбы? Албетте жок, учурунда, жок эле дегенде мындан 20 жыл илгери берилсе эл алдында жаркып ырдап, көпчүлүктүн жарпын жазып турмак да. Азыр Гүлмайрам эжебизге сыйлык эмес, сый-урмат, наам эмес нарктуу камкордук керек болсо керек.

Мамлекет ушундан жарды болуп кетсе да жок дегенде батирден батирге көчүп жүргөн таланттуу апабызга 1 бөлмө батирдин ачкычын берип койсо өмүрү узарып мурунку жасаган эмгектеринин акыбети кайтканына маңдайы жарыла кубанмак беле деп ойлодум. Эжеге карантин маалында азык-түлүк жеткирейин деп замандаштарынан сурап жада калса дарегин таппадым. “Кардыма эмес кадырыма ыйладым”,- деген экен илгери бирөө, келгиле булбул эженин үнүн үйгө айлантканга салым кошуп эл үнү кылып укпай көрбөй жүргөндөргө жеткиргенге жардам берели!”,- дейт ал.