Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

16

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 11-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын 272 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.

Алар “Алтын Жай” пансионатында ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.