Кыргызстанда дагы үч медик коронавирус жуктуруп алды

12

11.09.20.  Кыргызстанда дагы үч медик коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир, Ош шаарында бир медик илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 163 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 657 медкызматкер айыгып чыкты”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, 11-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 761ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 631 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.