Кызганычтан улам аялын эл алдында бычактап өлтүрдү

560

Көпчүлүктүн көз алдында аялын бычактап салган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.Маалыматта, каргашалуу окуя 10-сентябрда саат таңкы 5:30 чамасында Москва шаарынын соода борборлорунун биринин алдында болгон.Көпчүлүктү көзүнө илбей аял кишини бир эркек сабап жатканын күбөлөр полиция кызматкерине билдиришкен. Тилекке каршы полиция кызматкери жеткиче аял алган жаркаттан улам көз жумган. Чоң муштум эркек ошол жерден кармалып, аялын кызганычтан улам бычактап салганын айтып күнөөсүн мойнуна алган. Бул жубайлар Москвага бакыт издеп келген Өзбекстандын жарандары болгон.

Аргумент.кж