Жаңы төрөлгөн ымыркайга бычак сайып, көчөгө ыргытып кетишкен….

489

Аргентинанын түндүк-чыгышындагы Мисьонес провинциясында мыкаачылык менен кордолгон ымыркай кыз табылды. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, жаңы төрөлгөн баланын далысына бычак сайылып, баштыкка оролгон бойдон ыргытылган.

Дене тарбия боюнча 31 жаштагы инструктор Диего Себастьян Пенайо жолдон өтүп бара жатканда ымыркайдын ыйлаган үнүн уккан. Аны дароо ооруканага жеткирген.

Төрөлгөнүнө 2 күндөй эле болгон ымыркайдын денесинде бычактын бир нече изи болгон. Бирок ички органдары жабыркаган эмес. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, Эсперанса деген ысым ыйгарышкан. Анын ысымы үмүт деген маанини билдирет.

Көп узабай жабырлануучу ымыркайдын энеси табылган. Ал баласын төрөгөндөн кийин ооруканадан чыгып кеткенин айткан. Тиешелүү мамлекеттик органдар тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.