Жалал-Абад жана Баткенге ички аба каттамдар жандандырылат

12

«Манас» эл аралык аэропорту Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички каттамдарды жандандырууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Штабдын маалыматына ылайык, Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап, жумасына бир жолу – шейшемби күнү ишке ашыруу пландалууда. Ал эми Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 18-сентябрынан баштап, жумасына бир жолу – жума күнү учат.

Каттамдар “Тез Жет” авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.