Билим берүү министрлиги: 207 мектеп китеби электрондук форматка өткөрүлдү

15

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Жаңы китеп” мекемеси мектеп окуучулары үчүн төрт тилдеги (кыргыз, орус, өзбек, тажик) 207 китепти электронддук форматка өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, китептер http://kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасында жеткиликтүү.

Мындан сырткары, IT штаб менен биргеликте кыска убакытта https://oku.edu.gov.kg/ билим берүү порталына кыргыз жана орус тилдеринде 500дөн ашык телесабактар жүктөлдү.