Аяз Баетов: “Республика” көз карандысыз сотту түзөт!

340

Сот системасынын көз карандысыз кылабыз! Кардиналдуу реформаларды ишке ашырабыз. Бул тууралуу “Республика” партиясынан талапкер Аяз Баетов талапкерлери менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, “Республика” тарабынан соттук системасындагы өзгөрүүлөр сунушталып, бир тобу ишке ашырылган.
“Эң маанилүү маселе – бул сотту тандоо процесстери. Бул маселе бир эле соттун күнөөсүү эмес. Алардын дайындоосу бийликтен көз каранды болбошу керек. Процесс ачык болушу керек! Абирийсиз соттор бул тизмеге кирбеш керек. “Республика” сотторду тандоо процесси жарандардын толук көзөмөлүнө өткөрөт! Жаңы дайындалган соттордун мыйзам жана эл алдындагы жоопкерчилигин көтөрөбүз”, – деп талапкер басмалады.
Ошондой эле, өзү юрист болгон Баетов, сот системасынын туура иштөөсүү жактоочулар прокурорлорго окшоп толук укукту болгондо башталат.
“Эмнеге суракка прокурордук кызматкерлер уюлдук телефону менен киришет? Жактоочуларга бул мүмкүндү беришпейт! Жактоочу деген – бул ишкер эмес, ал социалдык маанилүү ишти аткарат. Ошондуктан, “Республика” соттук процесстерди ачык өткөрүүсүн талап кылат”, – деп Баетов жыйынтыктады.
“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.


Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.