Артур Цветков Ассоль Молдокматованы сотко бере тургандыгын жарыялады

336

Инстаграм баракчасында россиялык алып баруучу Артур Цветков Ассоль Молдокматованы сотко берип, моралдык чыгым үчүн 1 миллион доллар өндүрөөрүн билдирди.

Август айында кыргыз жараны менен болгон чырдан кийин анын жана үй-бүлөсүнүн дарегине коркутуулар келип жатат. Бул коркутууларга Ассоль Молдокматова күнөөлүү экендигин алып баруучу белгиледи.

“Мен ар бир күнүмдү “Өлүп кал” деген сөз менен тосуп жатам. Мени гана эмес, үй-блөмдү да коркутуп жатышат. Мени өз жеринде белгилүү болгон Ассоль Молдокматова аттуу айым “улутчул” деп атагандыгы үчүн мен аны сотко берем”,- дейт алып баруучу.