COVID-2019: Тажикстанда ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартышууда

21

Тажикстанда көптөгөн ата-энелер пандемия маалында окуунун уюштурулушуна нааразы болушуп, балдарын мектепке жибербей жатышат. Алар окуу мекемелеринде COVID-19 вирусун жуктуруп алуу коркунучу али жогору деп эсептешет.

“Озоди” радиосу Согди облустук элдик билим берүү башкармалыгындагы булагына таянуу менен 1-сентябрга чейин облуста окуучулардын 50% гана мектепке барса, учурда бул көрсөткүч 70% ашпаганын жазды.

Согди облусунун жашоочуларынын бири эки баласы бир канча күндөн бери мектепке бара электигин айтты:

– Күйөөм экөөбүз жыйырма күндөн бери коронавирустан үй шартында дарыланып жатабыз. Дарыгерлердин кеңеши менен балдарыбыз да мектепке барган жок.

Коронавирустан улам мектептердин айрым мугалимдери жана элдик билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери да ишке чыгышкан жок.

Тажикстанда жаңы окуу жылы айрым райондордо коронавирустун экинчи толкунуна туш келди. Августтун аягында Хожентте вирус жуктургандар көбөйгөн.

Рудаки районундагы мектептердин биринде директор кайтыш болгондон кийин окуу жай эки жумага карантинге жабылган. Кант диабети менен жабыркаган 56 жаштагы Шоиста Одинабекова 25-августта дене табы көтөрүлүп көз жумган.

Быйыл жаңы окуу жылы 17-августта – мурдагыдан эки апта эрте башталды. Себеби мурдагы окуу жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу мөөнөтүнөн мурун аяктаган.

Тажикстанда бардык мугалимдер окуу башталардан мурун COVID -19га тест тапшырышты. Окуучулар мектепке кирерден мурун дене табын өлчөтүп, колдорун антисептик менен тазалашат. Окуу мекемелеринде милдеттүү түрдө беткап тагынуу керек.