Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок

11

10.09.20. Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 63 адам каза болгон.

Белгилей кетсек, 10-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 684тү түзөт. Алардын ичинен 40 миң 487 киши айыгып чыкты.