Өзбекстанда 2 жигитти сабап салган кыз окуя боюнча түшүндүрмө берди

674

Өзбекстандын Наманган облусунун 23 жаштагы тургуну Гүлсанам Алижонова Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө комитетинин эки кишини “негизсиз сабап, тепкилеген” деген маалыматы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымына караганда, келишпестик кыздын чолок шым менен футболка кийип алганынан келип чыккан.

Гүлсанам Алижонова билдиргендей, окуя үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда болгон.

“Мен Андижанда жашаган эжемдин үйүнө баргам. Эжем таксист менен сүйлөшүп жатканда, мен анын 10 айлык баласы жана сумкаларды кармап тургам. Ошол маалда биздин жаныбызга Spark үлгүсүндөгү унаасы келип токтоду. Машинада отурган жигиттердин бири футболка жана чолок шым кийип алганым үчүн шылдыңдап күлдү. Мен ага өзүнө жараша жооп берсем, ал унаадан түшүп, сөгүп туруп басып кеткенин эжем да угуп калыптыр. Андан кийин жаңжал башталды. Экинчи киши сүйрөп кетүүгө аракет кылгандай мени кармап алганда аны уруп жибердим “,- дейт ал.

Болгон окуяны эжеси телефонуна тартып алып, видео социалдык тармактарга тарап кеткен.

Гүлсанам 23 жашта, Наманган мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетинде окуйт. Үй-бүлөдөгү 6 бир туугандын кичүүсү. Ал бокс жана каратэ менен машыккан. Андан сырткары 2 жылдан бери таэквондо менен машыгат. Бул багытта Өзбекстан чемпионатынын жеңүүчүсү, Наманган турниринин жеңүүчүсү. 2020-жылы жазында Түркияда өткөн эл аралык турнирдин катышуучусу.

Буга чейин Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө комитети 23 жаштагы кызга “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Маалымат боюнча, ал 33 жаштагы эркек кишини, ошондой эле жаңжалды басууга аракет кылган 30 жаштагы күбөнү сабаган.

Тергөө комитетинин отчетунда жаш кыз “коомдогу жүрүм-турум эрежелерин атайылап четке кагып 33 жаштагы У.А.ны колу-буту менен негизсиз сабап, натыйжада экинчисинин денесине залал келтирген” деп айтылган. Мындан тышкары, кыз “кылмыштуу ишин улантып, жаңжалды басууга аракет кылган 30 жаштагы А.Н.аттуу жаранды колу менен бетине бир нече жолу урган”.