Тагдыр: «Төрт баланын апасымын,бирок кыздыгым алына элек»

68

«4 балам бар. Күйөөм экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 12 жылдан ашты. Жолдошум менен кыйынчылыктарды чогуу жеңдик, далай кызыктуукүндөр өттү. Өкүнүчтүүсү, турмушубуз оңолгондо, күйөөм үй-бүлөбүзгө келген ырыс-дөөлөттү көтөрө албай, көөп кетти. Эмнесин жашырайын, акчасына ишенип, үстүмө башка бир аял алып келди. Анан эмне болмок эле: ызы-чуу, кайын-журт, төркүн чогулду.Ошондо кайын энем өткөндү эстеп, ата-энемдин, бир тууган байкемдин алдында, «эмне, силердин кызыңар ак бекен, билип койсоңор, биздин үйгө кыз эмес болуп келген»—деди. Кайын энемдин сөзүнө териккен жокмун. Себеби, күйөөмдөн башка эч ким менен болгонэмесмин, кудай алдында ак экенимди билем.Андан көңүлүм калды. Расмий түрдө ажыраша элекпиз. Тигинисине барып-келип турат. Үйдө эки бөлөк адамбыз. Балдар ата-энесиз өспөсүн деп эле чыдап жүрөм. Сабырым түгөнүп баратат… Ии, баса, жыныс мүчөм сезгенип, жакында операция болдум. Ошондо, хирург, «дале кыз экенсиң», деди. Аябай таң калдым. Бул бир жомок сымал, ишенген жокмун.FacebookTwitterWhatsApp