Тагдыр: «Дастан: Аялымдын башкадан боюна бүткөнү жакшы»

485

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында балалуу боло албай жүргөнү айтылат.Жасалма уруктандырууну сунуштадыБул диагноз жөнүндө жакында билдим. 3 жылдан бери балалуу боло албай, аялым экөөбүз толук текшерүүдөн өттүк. Жыйынтыгын угалы деп барсак, дарыгер мындай деди: «Мүмкүн жасалма жол менен уруктандырууну колдонуп көрөсүңөр.Албетте, бул кабарды угуу жагымдуу болгон жок. Эми эмне кылышым керек? Келинчегим Нурзада экөөбүз бул темада сүйлөшкөндөн качып, көпкө чейин эч нерсе болбогондой жүрдүк. «Качан балалуу болосуңар»,-деп жарабызга туз сепкендер көбөйдү. Аялымды күнөөлөп жүргөм Нурзада менен сүйүшүп баш кошконбуз. 1 жылдан кийин бала темасы козголду. Байкушум күнөөнү өзүнөн көрүп, канча ирет текшерилсе да, анализдери таза чыгып жатты. 66 Бир күнү, «мүмкүн сен текшерилип көрөсүң»,-деди. Ошондо намыстанып, «мен таза элемин»,-деп бурк эттим.Тууган-туушкандардын, кошуна-колоңдордун, ата-энемдин жемесин Нурзадам жалгыз көтөрдү. Эркек башым менен жашынып олтурдум.Нурзадам мени таштап кетсе, чыккынчылык катары эсептебейм Ажырашуу маселеси көтөрүлгөндө гана бейтапканага барууга макул болдум. Анын үстүнө ата болбой калаарымды ойлой берип чарчап да кеткем. Бардык. Керектүү анализдерди тапшырдык. Күнөө кимде? Албетте менде болуп чыкты. Уролог»азооспермия» деп диагноз койду. Эгер аялымдын тукумсуз экенин уксам, башка акмак эркектерге окшоп ажырашып кетсем керек. Дарыгер дарыласа болоорун, эч эле болбосо жасалма уруктандыруу бар экенин айтты. Аялымколдоо көрсөтүп жаныман чыкпайт. Эртең экөөбүз шаарга жөнөйбүз. Бизди дагы кандай сыноо күтүп турганын эч ким билбейт.Нурзадам мени таштап кетсе, чыккынчылык катары эсептебейм — туура түшүнүп, коё берем.Ушуга чейин аны күнөөлүү кылып келгеним жетишет. Менден болбосо, башкадан боюна бүтүп,бактылуу болсо дейм.