Кыргызстан Кувейт менен аба каттамдарын жандандырды

11

Кыргызстан Кувейт мамлекети менен аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Жарандык авиация агенттиги билдиргендей бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин “Jazeera Airways” авиакомпаниясы “Бишкек – Эль-Кувейт” багыты боюнча каттай баштады.

Аталган багыт боюнча каттам жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.