Кыргызстанда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

9

Кыргыз Республикасынын аймагында 10-сентябрь таңкы саат 06:08де күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Кара-Суу районундагы Чийки, Курак, Кабылан-Көл айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.