“Ата Мекен” партиясы “Жаңы дем” программасын тааныштырды

191

“Ата Мекен” саясий партиясы шайлоо алдындагы “Жаңы дем” программасын бүгүн коомчулукка тааныштырды. Иш чарага партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү, жаш тарапташтар чакырылып, эки тараптуу диалог жемиштүү өттү.

“Жаңы дем” программасындагы кадамдар тууралуу лидер Жанар Акаев, талапкерлер Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева, Эльдар Абакиров, Тилек Токтагазиев, Сейтек Качкынбаев, Турсунбүбү Чотонова жана башкалар айтып беришти.

Программада биринчи кезекте саясий реформаларды ишке ашыруу каралган. Жанар Акаевдин айтымында, “Ата Мекен” партиясы бийлик бутактарынын тең салмактуулугун  камсыздайт.

“Биринчи кезекте конституциялык түзүлүштү калыбына келтирип, президентти, президенттин апппаратын ордуна коёбуз. Учурда премьер-министр  президенттин жардамчысындай эле болуп калды, ага  карганада аппарат башчынын таасири чоң. Параламеттик- президенттик башкаруу деп айтылганы менен, бизде азыр “супер” президенттик башкаруу жүрүп турат. Биздин программада премьер-министрге – чыныгы ыйгарым укуктар жана жеке жоопкерчиликти берүү каралган.  Президент болсо калыс арбитр болушу керек”, – деди Жанар Акаев.

Ошондой эле бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп, чиновниктер армиясын 30%га кыскартуу, парламенттик шайлоо ачык партиялык тизме менен өтүүсүн талап кылуу, шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү программада белгилеленген.

Эльвира Сурабалдиева коррупция менен күрөш бүт тармактарды санариптештиргенде гана натыйжалуу болоруна токтолду.

“Отуз жылдан бери Кыргызстанда коррупция менен күрөш жөнүндө сөз кылып келебиз. Бирок натыжасы байкалбайт. Кечээ эле акыныбыз президенттин алдында гүлдөгөн коррупция тууралуу ырдаганы бекер эмес. Биз бардык тармак, системаларды санариптештирүүгө өткөргөндө гана ачык-айкындуулукту камсыздоо аркылуу коррупцияны жеңе алабыз”, – деп белигледи Сурабалдиева.

Башка талапкерлер “Жаңы дем” программасындагы” экономикалык өзгөртүүлөр, билим, берүү саламаттыкты сактоо, турак-жай саясаты, жашыл экономика, адам укуктарын коргоо жаатындагы кадамдарды кенен тааныштырып өттү. Программа менен толук шилтемеден https://atameken.kg/partiya/programma-partii/?lang=kg таанышсаңыз болот.

“Шайлоо алдындагы манифестибиздин идеялары, жалындаган илеби тарапташтарыбызды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Бир чечимге келе электер үчүн «Ата Мекенди» колдоого негиз болуп берет деген ишенимдебиз. Кыргызстандын жаңы деми ачылышы керек!”, – дешет “атамекенчилер”.



Чыгарылган күнү: 10.09.2020

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.