Анжелика: “Депутаттыкка аттанып жаткандар эркекче сөз бергенди дагы унутушкан”

213

Ырчы Анжелика өлкөдөгү абалды көрүп, зээни кейип жатканын айтат:

“Менин 18 кызым бар. Баары таланттуу. Ар бирин өзүнчө жакшы көрөм. Буюрса, алдыда көптөгөн пландар бар. “Мен оорубашым керек”,- деп өзүмө мотивация берип жатып, өлкөбүздөгү абалды көрүп кайра зээним кейип кетет. Жетекчиликтин маданиятка , билим берүү тармагына болгон мамилесин ойлоп.

Депутаттыка аттанып жаткандардын кээ бири эки жүздүүлөр. Бизнес жаатында жүрүп, айтканын аткарбагандан кийин булар башкасын деле кыйратпайт. Эркекче сөз бергенди дагы унутушкан. Ар ким өз кызыкчылыгы үчүн адамдарды акчага кызыктырып, өздөрүнө мактоо сөздөрүн жаздырышууда. Эх… Уйкусуз түндөр… Келечекти ойлой берип, жүрөк оорукчан болду”.