Алмаз Шаадаев: “Бизге 2-3 аял алуу менен алек болбогон, жаш кыздарга кызыкпаган депутат керек”

244

Кыргыз эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев биздин өлкөгө кандай президент жана депутат керектиги туууралуу өз ою менен бөлүштү:

“Мен ойлоп калдым биздин өлкөгө президент аскер адамы болушу керек экен деп. Ал эми депутат болуш үчүн жүрөгүндө ыйманы бар адамдар керек. Бизге акчасына ишенип 2-3 аял алуу менен алек болбогон, жаш кыздарга кызыкпаган, “Кыргыз үчүн иштейм” деген адам керек.

Кантип эле 30 жылдан бери ошондой адамдар жок бизде. Чындыгында кошуна мамлекеттерди көрүп уяласың”.