Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 450 учур катталды. Жалпы 44 миң 557

13

09.09.20. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 44 миң 557 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 450 жаңы учур катталды. Ал эми 304 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан 41 миң 898 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 362 бейтап каза болду. 2 миң 297 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 402 адамдын абалы оор болсо, 226сынын абалы өтө оор.