Элүү жаштагы турист аялды зордуктап, тоноп кеткен

403

Пляжда күнгө кактанып эс алып жаткан аялды кара терилүү бейтааныш эркек зордуктап, андан кийин тоноп кеткен. Бул тууралуу Mirror Маалыматта, Испанияга эс алууга баргандар Кала Деснуда тоодон түшүп келе жатып бир эркек менен аялды көрүшкөн. Аял жардам сурап кыйкырып жаткан. Эс алуучулар жакындаганда эркек киши изип суутуп качып кеткен. Жабырлануучунун айтымында ал Испанияга эс алууга келген турист болгон. Кунгө какталып жатса кара тору 30 жаштагы жигит келип жыга түртүп зордуктап салган. Качан ага жардамга келе жатышканда сумкасы менен телефонун кымтый кеткен. Ал эми күбөлөр болсо: “аял ал жигитти зордуктап кетти деп жатат. Бирок биз алыстан көргөндө ал аялдын жанында турган. Андан кадамдарды байкай алган жокпуз. Жигиттин башында калдайган шляпа, кыска шорта жана курөң футболкачан болучу” –дешет. Ал эми шектүү адам изин суутуп кетип табылбай калган.