Эльвира Сурабалдиева: Бул ирет чындык үчүн күрөшкөндөрдү азчылыкта калтырбайлы

1033

Парламенттеги айрым депутаттар жана өкмөт тарабынан жеке кызыкчылыкты, бизнести коргогон демилгелер өтө көп болот. Аларга азыр “Ата Мекен” менен шайлоого аттанып жаткан саналуу депутаттар гана каршы туруп келди. Бирок чындык үчүн күрөшкөндөр азчылыкты түзүп,  мындан улам элге каршы мыйзамдар өтүп кетип жатат. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиева Сокулуктагы тургундар менен жолугушууда билдирди.

“Көп нерселер телевизордон көрсөтүлбөйт, элге көрүнбөйт. Акыркы 3 жылда өкмөт, кээ бир депутаттар тарабынан өз бизнесин, жеке менчигин коргогон мыйзамдар келип жатты. Ошол мыйзамдарга Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Эмиль Токтошев сыяктуу депутаттар менен чогуу каршы турдук. Бирок биз азчылык болуп атабыз. Мисалы, 2,5 млрд сомду кечип салуу сунушун ЖКга үч жолу алып келишти. Кимдин акчасы десек, ал 90-жылдары приватизацияга кеткен ишканалардын мамлекет алдындагы карызы экен. Эмнеге элдин кредитин кечишпейт?  Жарандарыбыз 100-150 миң сом үчүн өз жанын кыйып жатпайбы! А биз мандатына, тааныш-билишине жамынгандардын карызын кечишибиз керек экен. Макул болуп коюңуз деп кабинетибизге канча жолу келишти. Көп маселелер ачыкка чыкпай калат. Бирок биз дайыма каршы туруп келебиз”, – деди Сурабалдиева.

Анын айтымында, ар бир шайлоочу кабинкага кирип, тандоо жасаар алында өлкөнүн өткөнүн, кечээги пандемияны, балдардын келечегин таразага коюп, туура чечим кабыл алышы керек.

“Добушун саткандарды сындагым келбейт. Ар бир адамдын өз абийири болот. Бирок партиялардын тизмелерин карап чыгыңыздар. Тизмеде 30 жылдан бери мамлекетти тоногондор жокпу?  30 жылдан бери бийликтин ар кайсы бутагында отургандар жокпу? Бар болсо ойлонуңуздар. Мурдагы транспорт министрлеринен бешөө аттаныптыр, а жолдорубуздун абалын билесиздер. Саламаттык сактоо тармагын сазга батырган менеджерлер да кайра келатышат. “Ата Мекенде” андай адамдар жок, тизмеге элдин элегинен өткөндөр кирген”, – деди Сурабалдиева.

“Ата Мекен” социаисттик партиясынын үгүт кербени Талас, Ысык-Көлдү кыдырып, бүгүн Чүй өрөөнүнө сапар тартты.

“Ата Мекен” партиясы 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого Жанар Акаев  баштап баратат. Алдынкы тизмеде Тилек Токтогазиев, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков, Эльдар Абакиров, Абдывахап Нурбаева жана башкалар бар. Оппозициялык партия “Жаңы дем” программасын алып чыккан.

Чыгарылган күнү: 09.09.2020

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.