«Ыйман Нуру» – таза коом, иштерман муундун жарчысы!

226

Түзүлгөнүнө аз гана убакыт болсо дагы, алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын катарындагы «Ыйман Нуру» саясий партиясынын аты коомчулукка бат таанылып, программасындагы негизги делген багыттар көбүрөөк колдоого алына баштады. Партиянын катарында өз мээнеттери менен ийгилик жараткан ишкерлер, руханий жактан мол байлыкка ээ, билими күчтүү, улуттук баалуулуктар менен диний баалуулуктарды бирдей карманган жаш жана орто муундун өкүлдөрү басымдуу. Булганбаган, саясий амбицияларга жетеленбеген инсандар десек болот.

Алдыга коюлган негизги максатыбыз – дээрлик ар бир карапайым адам өз башынан өткөргөн кыйынчылыктардан, коррупциядан, бюрократиялык тосмолордон коомду арылтуу, заманбап жана мамлекеттик башкарууну мамлекетке киргизүү. Анткени, ишкерлер ишкерлик кылууда салык, уруксат алуу, каржылык операцияларды жүргүзүү, пара талап кылуу, атайын уюштурулган бут тосууларга кабылуу, мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылуу сыяктуу ар кандай адилетсиз басым-кысымдарга туш болуп келишет. Ошондуктан, Кудай алдында ыйманы таза, эл алдында иши таза инсандардын башын бириктирүү менен коомдук ишенимди жаратуу негизги принциптердин бири болуп саналат.

Бизди эмне түйшөлттү? Дүйнө элин бушайманга салган Ковид-19 илдетинин Кыргызстанга жайылышы өлкөдөгү бир топ кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Бизде мамлекеттик органдар өз ишмердүүлүгүндө күнүмдүк маселелер менен гана алек болуп, өнүгүү процесси таптакыр токтоп калган. Ооруканалар эскирип, абалы азыркы учурга туура келбей, Саламаттыкты сактоо тармагы дары-дармек мафиясына көз каранды болуп калган. Өндүрүш тармагы сырттан келген сырьёлорго гана көз каранды экен, чек аралар жабылганда бардыгы токтоду. Мигранттардан келген каражаттар түшпөй калганда, бул жактагы эл кыйнала түштү. Бул чындык. Куру убадаларды берип келген эски партиялар сөз менен гана чектелип, элди алдап келгендигине булар ачык далил болду.

Мына ушул кемчиликтер «Ыйман Нуру» партиясына ар кандай өкмөттүк структураларда иштеп, башкаруунун ички кухнясын билген,ишкерлер чөйрөсүн толук түшүнө алган, дилгир жаштар менен ийгиликтүү ишкерлердин башын бириктирди. Башкалардай куру убадалар менен шайлоого аттанып, эски, ыплас ыкмаларды колдонбостон, Кыргызстандын кен байлыктарын жана жер казыналарын калыс жана жекелештирип бөлүштүрүүнү, билим берүүдө жаштарга бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү ыйгарууну, банк тутумундагы кыргыз салтына жана динибизге шайкеш келе турган өзгөрүүлөрдү, он миң инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү менен жумуш орундарын түзүүнү, сот адилеттүүлүгүн орнотуу үчүн чечкиндүү мыйзамдык чараларды сунуштай ала турган инсандар «Ыймандуу бийлик – берекелүү жашоо!» деген ураандын алдында шайлоого аттанды. Биздин муун – энергиясы оргуп-ташып, заманбап экономиканын тамырын кармап турган, алып сатуудан өндүрүп чыгарууга басым жасаган, жаш, прогрессивдүү муун. Биздин кадам көпчүлүктү ынандыра алат жана элдин ишенимин жарата алат деп ишенебиз.

Буйрутмачы: «Ыйман Нуру» саясий партиясы. ИНН 02706201210121.

«Ыйман Нуру» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Акматова А.Ж.