Сүйүүгө кырктан ашканда кабылып, жаш жигиттен боюма бүтүп калды

1225

Aryba.kg сайты тагдыр, жандүйнө, сүйүү темаларын жакшы чагылдырып келет. Ар дайым окуйм. Мен да өзүмдүн турмушумду жазып, окурмандар менен ой бөлүшүүгө батындым.

Бишкектеги университеттин биринде мугалим болуп эмгектенем. Жашым 43тө. Эки кызым бар. Көп убакыттан бери күйөөм менен тил табыша албай, ары эмес, же бери эмес абалдабыз… Ушундай күндөрдө өзүмөн 12 жаш кичүү, Арген аттуу бойдок жигит менен таанышып, жылдызыбыз келишип калды. Бир жылдан бери мамилебиз ысык, бири бирибизге көнүшүп да алганбыз. Мындайда күйөөмдөн алыстай баштадым. Аны үйгө киргизбей калгам…

Жакында эле боюмда болуп калганын билдим. Аргенге сүйүнчүлөп айтсам, ал негедир кубанган жок. Кайра менден алыстай баштагансыды. Жашым өтүп баратканда төрөп алууну ойлоп, бакытка балкып аткан кезим. Бир эле көйгөйүм — Аргенди кантип кармап калуу?.. Табалабай, жамандабай, туура кеңеш бересиздерби?

Назгул

Aryba.kg